Энергетикадагы жаңылануу жумуштары
Новость KTRK/videograp

Өлкөдө электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпоо аракеттери жүрүп жатат. Бишкекте бир көмөк чордон толугу менен жаңыланып ишке кирди.

Андан тышкары баш калааны электр жарыгынан үзгүлтүккө учуратпоо максатында “Кемин” көмөк чордонунан Бишкектин жогору тарабында жайгашкан “Ала-Арча” көмөк чордонуна карай аба чубалгылары тартылып жатат.

“Кызыл-Аскер” көмөк чордону Бишкектин Ленин жана Биринчи Май райондорун, Кызыл-Аскер менен Касым конушун, 110 кварталды андан тышкары баш калаадагы күн батыш тарабындагы өндүрүштүк аймакты электр энергия менен камсыздайт. 

Аз күндө энергетика тутумунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу багытындагы бир долбоор ишке ашканы турат. Учурда Кыргызстанды энергетикалык коопсуздукка ээ кылган көмөк чордондун бир учу болгон “Кемин” көмөк чордонунан Бишкектин жогору тарабында жайгашкан “Ала-Арча” чордонуна аба чубалгысын тартуу иштери аяктап калды.

Өлкөдө “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясынын курулушу аяктап Борбор Азиянын энергетикалык шакекчесине көз каранды болбой калган. Эми өлкө ичинде чакан шакекчелер жасалууда. 

Жаңылоо иштери Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан жеңилдетилген насыянын жана өлкөдөгү энергетикага түшкөн каражат эсебинен жасалууда.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118