Бишкектин башкы архитектору УКМКнын тергөө абагына киргизилди
Новость

"Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын башчысы Урмат Карыбаев камакка алынды.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, соттун 2023-жылы 6-октябрдагы токтому менен УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылып, К.У.га карата 2023-жылы 16-октябрга чейин УКМКнын ТИЗОсуна камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы кабыл алынды.