Өлкө эгемендик алгандан кийинки чабал экономика, жумушсуздук, криминалдын күчөшү кылмышкерлердин баш көтөрүшүнө түрткү берген. Алар биригип алып ишкерлерди талап-тоноп, салык салып, бизнестен үлүш талашып, адам өлтүрүп жана башка мыйзамсыз аракеттерге барганы жалпыга маалым. Акыркы кезде криминал элди, айрыкча капчыктуу делген ишкерлерди коркутуп, айласы кеткен жабырлануучу күч органдарына арызданып, анын негизинде ондогон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо операциялары жүрдү.