Окуу китептер мектептерге жеткирилүүдө
Новость

«Учкун» ачык акционердик коомунун басмаканасында 136 миң 320 нускада окуу китептери басылып чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Тагыраагы, 7-класстар үчүн “Физика”, 8-классар үчүн “Химия”, 7-9-класстары үчүн “Информатика” окуу китептери басылды. Окуу китептерин мектептерге жеткирүү башталды. 

Белгилей кетсек, 2023-жылы республикалык бюджеттен окуу китептерин даярдоого жана басып чыгарууга китеп ижарасынан түшкөн каражаттарды кошкондо 324 млн сом каралган. Быйыл бул каражатка 1 млн 278 миң 255 нускада окуу китептерин басып чыгаруу пландалууда.