Лейлекте эми сугат суу тартыштыгы болбойт
Новость

Баткен облусунун Лейлек районунда эми сугат суу тартыштыгы болбойт. Аталган аймакта бир катар насостук станциялар оңдолуп, жабдыктар жаңыланды. Жалпы 4 миңден ашуун гектар аянтта ирригация маселеси чечилип, дыйкандар сугат суу менен камсыз болду.