Кыргыз-казак чек арасы: жүк ташуучу унаалардын кезеги дагы узарды
Новость www

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” , “Чалдовар” жана Кең-булуң” өткөрмө бекетеринде Кыргызстандан Казакстанга өтө албай турган жүк ташуучу унаалардын кезеги дагы узарды. Ал арада ар бир бекетте чатырлар тигилип, айдоочуларга жана жүк ташуучуларга ысык тамак уюштурулду. Абалды жайгаруу үчүн мамлекеттик деңгээлдеги сүйлөшүүлөр уланууда.