Төө-Ашуудагы жол кырсыктан бир үй-бүлөнүн 4 мүчөсү каза болушкан
Новость

Төө-Ашуу туннелиндеги жол кырсыктан төрт киши каза болду. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. POST1RIGHT

Бишкек-Ош унаа жолундагы туннелдин ичинде оор жүк ташуучу унаанын тормозу кармабай, 3 жеңил унаа менен сүзүшкөн. 

Жыйынтыгында бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү: ата-энеси жана эки баласы каза болгон. 

Дагы бир нече киши жабыркап, алардын алтоо Бишкектеги №4 травматологиялык ооруканасына, калгандары Жайыл райондук ооруканасына жеткирилди.