Кыргыз мушкерлери Азия оюндарына даярдык көрүүдө
Новость www

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Азия оюндарына даярдык көрүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

 Маалыматка ылайык, окуу-машыгуу жыйыны 4-августтан 24-августка чейин Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жатат. Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2023-жылга карата календардык планына ылайык өткөрүлүп жатат.