Балыкчы шаарынын ички жолдору оңдолууда
Новость www

Балыкчы шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү жаатында 10 багыт менен иш алып барылууда. Анын алкагында эң биринчи кезекте улуу инсандардын аты коюлган көчөлөрдү оңдоо чечими кабыл алынган. 

Учурда Тоголок Молдо көчөсү толук оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Анын узундугу 1,5 км түзөт. Долбоордо асфальттоо, тратуар салуу, ирригация системаларын жакшыртуу жана жарыктандыруу каралган. Алдын ала суу түтүкчөнүн, телекомдун кутулары жасалууда. Бул иштерге жергиликтүү бюджеттен 30 млн сом бөлүнгөн.