Ысык-Көлдө кеме, скутер, теплоход жана катерлерде коопсуздук эрежелеринин сакталышы текшерилүүдө
Новость www

Август айынын башында башталган 10 күндүк текшерүүнүн жүрүшүндө 35 кеме текшерилип, анын ичинен 15 суу скутеринин, 3 катердин жана 2 теплоходдун ээлерине суу транспортунун техникалык шайкештигин бузгандыгы, кеме билеттеринин, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу укугуна лицензиялардын жоктугу үчүн протоколдор түзүлдү. 

Мындан тышкары суу транспортторунун ээлери менен каттоо жана уруксат берүүчү иш кагаздарын алуу боюнча бардык зарыл процедуралардан өтүү жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында 70 жаран Балыкчы шаарындагы жол-транспорт коопсуздугу чөйрөсүн көзөмөлдөө башкармалыгынын өкүлчүлүгүнө кеме билеттерин алуу боюнча арыздарын тапшырышты.