Саламаттык сактоо министрлиги кызамыкка каршы эмдөө алууга чакырат
Новость www

Саламаттык сактоо министрлиги кызамык, кызылча жана паротитке каршы эмдөө алууга чакырат. Жогоруда аталган илдеттерге каршы профилактикалык эмдөөлөр Улуттук календарга ылайык, 12 айлык балдарга, 6 жашка чыкканда - ревакцинациялоо жүргүзүлөт. 

Кызымакка каршы вакцина Кыргызстандын бардык медициналык жайларда жүргүзүлөт. Балдарын илдеттен коргогусу келген ата-энелер жергиликтүү медициналык кызматтарга кайрылышы керек деп эскертет Саламаттык сактоо министрлиги.