Шайлоо: 11 талапкер катоодон өттү
Новость www

Борбордук шайлоо комиссиясы 11 адамды Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер катары каттодон өткөрдү. Калгандарынын документтерин жумушчу комиссия карап жатат. 

Белгилей кетсек, кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленген. Шайлоого талапкер катары катышуу ниетин билдирип, БШКга 34 адам арыз берген. Алардын ичинен 26 адам Боршакомго бардык документтерин тапшырды. Анын баары өзүн-өзү көрсөткөндөр.