Шайлоого катышуу ниети менен 30 адамдан арыз түштү
Новость www

Борбордук шайлоо комиссиясына Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети менен 30 адамдан арыз түштү. 

Белгилей кетсек, аталган талапкерлердин баары өзүн-өзү көрсөткөн. Эсерте кетсек, буга чейин өткөн шайлоо өнөктүгүнБШК жараксыз де тапкан. Буга добуштарды сатып алуу фактысы себеп болгон. Бул жолку кеайра шайлоо 10-сентябрга белгиленген. Ал арада Боршайком талапкерлердин шайлоо жана финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.