Шайлоо: Борбордук шайлоо комиссиясына 20 адам арыз берди
Новость www

Ленин бир мандатуу шайлоо округу боюнча талапкер катары ат салышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына 20 адам арыз берди. Алардын эң кичүүсү 29 жашта болсо, улуусу 76да. 

Муну менен катар арыз бергендердин катарында буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып, бирок өтпөй калгандары дагы жок эмес. Ошондой эле учурдагы эл өкүлү дагы шайлоого катышуу үчүн арыз берген. Талапкер болууну каалагандардын арасында белгилүү саясатчынын дагы уулу бар экени айтылууда. Шайлоодо ат салышуу үчүн арыз бергендердин үчөө айым, калгандары мырзалар. Эскерте кетсек, Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленген.