Тору-Айгыр: 300 МВт болгон күн электр станциясын куруу эки ай аралыгында башталат
Новость www

"Жашыл" энергетика модалык тренд эле эмес, электр кубатынын тартыштыгы боюнча көйгөйдү чечүүнүн бир жолу. Акыркы жылдары өлкөдө энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууга өтүү маселеси курчуду. Ал арада бул жаатта инвесторлорду тартуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү ачылып, калыбына келүүчү энергия булактарын өнүктүрүүгө басым жасалууда.