Президент Садыр Жапаров жаңы окуу жылына карата ОшМПУнун жаңы корпусунун курулушун бүткөрүүнү тапшырды
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-июлда, Ош шаарына жана Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жаңы корпусунун курулушу менен таанышты.

Мамлекет башчысына жаңы беш кабаттуу объекттин курулушу 2021-жылдын ноябрында башталганы маалымдалды.

Аталган окуу имаратынын жалпы аянты 3,6 миң чарчы метрди түзөт. Ага 54 окуу бөлмөсү, китепкана, ашкана, конференц-зал жана компьютердик класс кирет. Жаңы имараттын долбоорунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана улгайгандар ЖОЖго тоскоолдуксуз кириши үчүн пандустарды жана лифттерди орнотуу каралган.

Университеттин жаңы имаратында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын студенттери үчүн педагогикалык адистик боюнча гана окутуу жүргүзүлөт.

Мугалимдик кесиптин өзгөчө ролун белгилеп, Президент Садыр Жапаров имараттын курулушун 2023-2024-жаңы окуу жылынын башталышына карата бүткөрүүнү тапшырды.

Мамлекет башчысы келечекте аталган окуу жайдан өсүп келе жаткан муунга пайдалуу билим бере ала турган жогорку квалификациялуу педагогдор чыгышын каалады.