Баткенде "суу-башы" каналы кайра курулду
Новость www

Баткен районунда узундугу дээрлик 20 чакырым болгон Суу-Башы каналынын 2 жарым чакырымы кайрадан курулду.

Курулушту жергиликтүү бийлик менен кайрымдуулук уюм колдоого алып, жалпы сметалык баасы 16 миллион 600 миң сомду түзгөн. Каналдын курулушу менен айылдын 550 гектар кургап кеткен жери суу менен камсыз болот. Учурда 1 кубка жакын суу келүүдө.