Быйыл Чүй облусунда 12 мектеп колдонууга берилет
Новость www

Быйыл Чүй облусунда 12 мектеп колдонууга берилет. Облустук өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, ушул жылдын башында 150 орундуу мектеп курулуп бүтүп, эксплуатацияга берилген. Азыр 9 билим берүү мекемесинин курулушу бүткөрүлүүдө. Ошондой эле 3 мектептин кошумча имараты салынып жатат.