Бишкекке 70тен ашык атайын техника алынып келинди
Новость

Бишкек шаар бийлиги калаа тургундарына ыңгайлуу шарт түзүү максатында жаңы техника сатып алды. Атайын унаалар менен керектүү техника мэрдин катышуусунда бардык муниципалдык жана коммуналдык кызматтарга таратылды. Эми жыл сайын шаарга кызмат кылган унаа паркы жаңылануунун үстүндө болот дейт калаа бийлиги.