Бишкек: үрөй учурган жол кырсыгы
Новость www

Бишкек шаарынын четиндеги Ак-Ордо 3 конушунда оор жүк ташуучу унаа катуу ылдамдык менен келип жүргүнчү ташыган маршруттук кичи автобусту сүзгөн. Саламаттык сактоо министрлиги кырсыктан бир киши каза болуп, 23 адам ооруканага түшкөнүн билдирди. Анын ичинен төртөө жандандыруу бөлүмүндө жатат.