Мындан ары иш кагаздары мамлекеттик тилде гана жүргүзүлөт
Новость www

Мындан ары иш кагаздар, документтерди жүгүртүүдө, эл аралык келишимдерди түзүүдө, укуктук-ченемдик актылар, мыйзамдарды жазууда, көрнөк-жарнактар, нотариалдык документтер жана башка маалымкат мамлекеттик тилде гана болот. Мындай ченем Президент кол койгон “Мамлекеттик тил жөнүндө” Конституциялык мыйзамда так белгиленди. 

Тагыраагы мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчиктин бардык формаларындагы ишканалар, мекемелер жана уюмдар ишинде мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө пайдаланышы керек.