Кыргыз-өзбек чек арасында 49 тилке такталды
Новость

Кыргыз-өзбек чек арасынын 49 тилкеси боюнча позициялар макулдашылды. 22-31-октябрдын аралыгында эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Баткен жана Ош шаарларында жолугушкан. POST1RIGHT

 Эки тарап чек аранын талаштуу тилкелери менен жеринен таанышып, 49 участок боюнча позициялар макулдашылды. Жолугушуунун натыйжасында протоколго кол коюлду.