Тажикстанда электр энергиясына чектөө киргизилди. Айыл жерлеринде таңкы саат саат 5-10го чейин берилсе, кечкисин 17-22.00го чейин берилет. Ал эми карызы барлардыкы толугу менен өчүрүлөт.
Бул кадамдар Нурек суу сактагычындагы сууну сарамжалдуу пайдалануу максатында жасалды. Энерго холдингдин маалымат катчысы Нозира Ёдгоринин айтымында, Вахш дарыясынан өндүрүлүп чыккан электр энергиясы бүткүл өлкөнү камтыганга жетпейт.
Ошондуктан өлкө Нурек суу сактагычындагы сууну колдонууга мажбур. Учурда Таджикстанда суткасына 35-38 миллион кВ саат электр энергиясы өндүрүлүп чыгууда.
Аны өлкөнүн баардык аймактарына, ал жердеги калктын өндүрүш ишканалардын санына жараша бөлүнүп жатат. Маалымат катчы Ёдгоринин айтымында Душанбе жана башка облус борборлору электр энергиясын чектөөсүз пайдаланат.