Күз-кыш мезгилинен кыйынчылыксыз чыгуу - бул мамлекеттик органдардын ишин баалоонун башкы көрсөткүчү.
Мындай пикирин бүгүн өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков, 2016-2017-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча Республикалык штабдын жыйынында билдирди. Иш чарада мүчүлүштүктөр тууралуу да сөз болду.
Жылытуу мезгили башталганына эки жума гана болду. Бирок биринчи суук түшпөй жатып эле бир катар көйгөйлөр чыга баштады. Мындай жагдайлар керектөөчүлөрдүн электр энергиясынын өчүрүлүшүнө алып келип жатат. Коомдук биринчи канал бул тууралуу бир нече жолу репортаждарды эфирден көрсөткөн. Ал эми тиешелүү органдар буга эми гана көңүл буруп баштады.
Дагы бир жагдай, кооптуу болгон дарактардын өз убагында кыйылбагандыгы. Октябрь айынын ортосунда кар калың жаагандыктан, Панфилов районунун Кайынды шаарында бактар көтөрө албай электр чубалгыларын үзүп кеткен. Натыйжада эл дээрлик бир күн кечке жарыгы жок калган. Өкмөт башчы белгилегендей, бул багытта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштери жетишсиз болуп жатат. Тагыраак айтканда, алар тургундарды алдыдагы ремонт иштери тууралуу өз убагында, үлгүлтүксүз алдын ала эскертип туруу керек.
Жыйын соңунда быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун запасы кыйла жетиштүү экенине токтолгон премьер-министр, бардык энерго тармактарда ремонт иштери аяктагандыгын, ошондуктан, электр жарыкты өчүрүү тууралуу сөз да болбошу керектигин эскертти.