Таштардын үймөгүнөн салынган гидроэлектростанциясынын курулушу башталды
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT Тажикстанда дүйнөдө эң бийик таштардын үймөгүнөн салынган Рогун гидроэлектростанциясынын курулушу башталды. Дамбаны куруу үчүн Вахш дарыясы жабылганы белгилүү болду. 

Рогун гидроэлектростанциясынын курулушунун расмий ачылышына өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон, тажик өкмөтүнүн мүчөлөрү, парламенттин депутаттары катышты. Алардын баары Вахш дарыясы башка нукка бурулганына күбө болушту. 

Гидроэлектростанция Дүйшөмбү шаарынан 110 чакырым алыстыкта жайгашат. Долбоорго ылайык, ал 6 агрегаттан турат, ар биринин кубаттуулугу 600 мегаватка барабар, дамбанын бийиктиги 335 метрди түзөт. 

Учурда объектти курууга 15 миң адам, 2100дөн ашуун техника жумшалган. Алгачкы агрегат 2018-жылдын аягында иштеп баштаса, экинчиси 2019-жылдын апрель айында ишке кирери белгилүү болду.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118