Туулган жеринен алда канча алыста жашаса да, Америкадан ыр жаздырып, кыргыз маданиятына салымын кошуп келе жаткан ырчы Эрлан Андашев жаңы чыгармасын тартуулайт.
Буга чейин “Сүйүп калдым кантейин”, “Кечирип кой”, “Сагындырба ” аттуу ырлары менен таанылып келген жаш ырчы азыркы күнгө чейин күйөрмандардын жүрөгүнөн түнөк таап келет.
“Күтүү” деп аталган, ал эми калың журтка “Карап, карап кайрадан сени самап” деп таанылган чыгарманын автору Кыргыз Республикасынын Эл артисти, ак таңдай төкмө акын Элмирбек Иманалиев.