Сириядагы чабуулдан Ысык-Көл облусунан барган бир үй-бүлө кырылып калды. Бул боюнча алардын жакындарына телеграмма келген.
Ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча Сирияга Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан 45 жаран кеткен. POST1RIGHT
Туугандар бири-бирин чакырып жатып үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү кетет. Тоң районундагы Төрт-Күл айылынын тургуну Жолдошбек Карабаевди Сирияга баруу үчүн анын жубайы азгырган.
Ал Жалал-Абаддын Сузак районунун жараны. Аялы динге аябай берилгендиктен өзүнүн кичинекей төрт баласын жана 80 жаштагы апасын алып кеткен. Андан кийин күйөөсү барып, ал өзүнүн туугандарын да азгырып алып жөнөгөн. Анын баары Сирияга Түркия мамлекети аркылуу барган.