Мекендешке үй алууга ыңгайлуу шарт
Новость www

Германияда эмгектенип жүргөн мекендешибиз ипотекага үй алды. Гулбара Жумабаева “Элдик турак жай компаниясы” турак жай сактык кредиттик компаниясынын алгачкы кардары болду. Ар бир жаранга жана чет жерде иштеп жүргөн мекендештерге турак жай алууга ыңгайлуу мүмкүнчүлүк түзгөн компания Мамлекеттик ипотекалык компаниянын туундусу.