V үлгүдөгү банкноттор жүгүртүүгө чыгарылат
Новость

Улуттук валютанын 30 жылдыгына арналып, бүгүнтөн тарта 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы жаңы бешинчи сериядагы банкноттор жүгүртүүгө чыгарылат. 

Улуттук банкттан билдиришкендей, жаңы үлгүдөгу акчалар 1993-жылдан азыркы учурга чейинки эволюциясын чагылдырат. Сюжеттик линиясы өзгөрүүсүз калган - искусство, маданият өкүлдөрүнүн портреттери жана республиканын кооз жерлери сакталган. 

Банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү да өзгөртүлгөн эмес. Коргоо даражасы күчөтүлдү - жаңы банкноттор заманбап коргоо элементтеринин үч деңгээлдеги комплексине ээ. 

Мындан тышкары, аларда көрүүсү начар жарандар үчүн атайын белгилер бар.