Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңишке 78 жыл
Новость www

Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңишке 78 жыл. Кандуу кармашка Кыргызстандан 365 миңден ашык эр-азамат аттанган. 

Анын 160 миңден ашыгы мекенге кайтпай калган. 74 жоокер Советтер Союзунун Баатыры болсо, 30 жоокер Даңк орденинин үч даражасын тең алган. Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча согуштун 68 ардагери бар.