Кыргызстандын эки ишканасына Орусияга балык экспорттоого уруксат берилди
Новость

Кыргызстандын эки ишканасына Орусияга балык экспорттоого уруксат берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 25-26-апрель күндөрү Ветеринардык кызматтын инспекторлору тарабынан эки ишкананын ишмердүүлүгүнө онлайн текшерүү жүргүзүлдү. 

"27-апрелдеги Орусиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын катына ылайык жүргүзүлгөн инспекциянын негизинде 28-апрелинен тартып Кыргызстан Россиянын аймагына балык жана балык азыктарын экспорттоого убактылуу коюлган чектөө эки ишканадан алынды. Эми бул ишканалар Россияга балык жана балык азыктарын экспорттой баштайт", - деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле Орусиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын дарегине дагы эки ишкана боюнча мыйзам бузууларды жоюу боюнча түзөтүүчү иш-чаралардын жүргүзүлгөндүгүн тастыктаган материалдар жөнөтүлдү.