Түндүк-түштук жолунун ишке берилишин эл чыдамсыздык менен күтүп жатат
Новость

 Кар түшүп аба-ырайынын бузулганына карабай түндүк менен түштүктү байланыштырган стратегиялык маанидеги атаандаш жолдун курулушу уланууда. Бул жаңы жол тилкеси азыркы Бишкек-Ош каттамына салыштырмалуу эки эсе кыска. Долбоор алыскы аймактардагы тургундарды жол азабынан куткаруу максатын көздөйт. Азыр аны ишке ашыруу жумуштары жасалууда. Жакында парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов - жаңы курулуп жаткан бул жол тыштан алынган насыялардын эсебинен курулуп жатат. Азыркы иштеп жаткан Бишкек-Ош жолун толук камсыздай албай жатып мындай альтернативдүү жолду куруунун зарылчылыгы бар беле? Бул жолдун эч кандай пайдасы жок, деп айткан. Бирок жергиликтүү тургундар бул пикирге кошулбайт. 

POST1RIGHT  Тогуз-Торо районунда 24 миңден ашуун калк отурукташкан. Кошумча жолдун курулушу алыскы аймактын жашоочулары үчүн маанилүү, жол колдонууга берилсе көптөгөн муктаждык чечилет. Ал эми азыркы күндө алыскы райондо өлкөнүн башка аймактарына салыштырмалуу баа жогору. Себеби жолдун алыстыгы таасирин тийгизет.
 Бул өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген альтернативдүү жол. Жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Азыркы колдонулуп жаткан Ош-Бишкек жолуна салыштырмалуу эки эсе кыска жана ыңгайлуу.
 Стратегиялык жолду курууну кытайлык компания мойнуна алган. Суук эрте кирип келгенине карабай жумуш кызуу жүрүүдө. Учурда түндүк-түштүктү бириктирүүчү 4 чакырымга чейин созулган тоннелди казуу иштери да жүрүп жатат.
 Жолдун ишке берилишин жергиликтүү тургундар чыдамсыздык менен күтүп жатат. Башкы жолдун курулушу Атай айылына пайдасы тийди. Учурда айылга барчу жол салынып, акыркы жумуштар жасалууда. Мурунку эски жол 20 чакырымга созулса, жаңы жол 17 чакырымга кыскарган.
Альтернативдүү каттам Тогуз-Торо районунун негизги көйгөйү. Бул эски жолдо кышкысын адамдар тоңуп калган учурлар катталган. Мисалы “Макал” алтын кенинде иштеген бригаданы көчкү басып каза болгон. Чейрек кылым мурда ашууну аша албай бир үй-бүлө ажал тапкан. Эскерте кетсек депутат Зиядин Жамалдинов буга чейин бул маанилүү жолдун курулушунан пайда жок деп жар салган болчу. Жергиликтүү тургундар жолдун курулушуна каршы сүйлөп чыккан эл өкүлүнө түшүнбөй турган чагы.