Шашылыш билдирүү. Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү мүмкүн
Новость

Тоолуу райондордо жана тоо этегиндеги жолдорго кар көчкү түшүүсү мүмкүн. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Каракол-Эңилче каттамына, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусуна көчкү түшүү коркунучу бар. 

Мындан улам унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталашы керектигин адистер эскертет.