Мамлекеттик тилди билбегендер жумуштан бошотулабы?
Новость

Жогорку Кеңеште латын арибине өтүү боюнча маселе көтөрүлдү. Мындан сырткары мамлекеттик тилдин таасирин күчөтүү максатында парламентке сунушталган долбоордо кыргыз тилин билбеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жумуштан бошотулары көрсөтүлгөн. Көптөгөн талаш-тартыштардан кийин долбоор 79 добуш менен экинчи окуудан өттү.