Шоу-бизнес чөйрөсүндө өзүнүн жөнөкөйлүгү менен ырларынын элге бат тарашы менен айырмаланган ырчы Абир Касеновдын чыгармачылык кечеси болуп өттү.
Бул кече сюрприздерге бай болду. Шоу-бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана достору толгон кечеде жаңы “ Live band А. К.” деген аталыштагы группанын бет ачары, андан соң “Образ твой” жаңы ырына тартылган клип конокторго тартууланды.
Жана ошондой эле “Сүйгөнүм” деген жаңы гана жаралган ыры бул жандуу кечени сүйүүгө бөлөдү.