“Датка” көмөк чордону учурда ийгиликтүү иштөөдө
Новость KTRK/videograp

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарын электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында курулган “Датка” подстанциясы учурда ийгиликтүү иштөөдө. Адистер белгилигендей,аталган подстанциясынын бүткөрүлүшү менен Кыргызстан толугу менен электр энергиясы жагынан толук көз карандысыздыка ээ болду.

2014-жылы бүткөрүлүп пайдаланууга берилген,”Датка” көмөк чордону Базар-Коргон районуна курулган.Аталган подстанцияда учурда 20дан ашуун кызматкер эмгектенет. Алардын катарында Жоро Эргешов да бар.Ал мындагы компьютерге көзөл салып,текшерип турат. POST1RIGHT

Көмөк чордондун башчысы мындагы трансформаторлорду күнүгө кыдырып,текшерүүгө алып турат. Подстанциянын коопсуздук маселесин чоң мааниге ээ болгондуктан дыкат көзөмөл зарыл.

Бул "Датка" подстанциясы курулганга чейин өлкөнүн түштүгү тагыраагы Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарын электр энергия менен камсыздоочу жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары Өзбекстан аркылуу өтүп турган. Аба чубалгы коңшу тараптын көмөк чордонунан отуп тураны үчүн,өлкө казынасынан жылына 8 миллион доллар акча каражаты төлөнүп турган. Эми минтип “Датка” подстанциясынын курулушу менен бул төлөмдөр токтотулган.Андан сырткары өлкө толугу менен электр энергиясы жагынан көз карандысыздыка жетише алды дейт адистер.

Кубаттуулугу 500 киловаттык чыңалуудагы "Датка" подстанциянын жогорку чыңалуудагы электр зымдары аркылуу “Кемин” подстанциясына тартылган токтон Кыргызстандын түндүгү да электр энергиясын алат.Бул көмөк чордонду куруу максаты Борбор Азиянын энергетикалык айлампасынан көз карандысыздыкка чыгуу болгон. Подстанцияны куруу үчүн 390 миллион доллар сарпталган.