Бишкек: жаңы конуштардагы свет өчүрүүлөрдүн себептери такталууда
Новость KTRK/videograp

Жер-жерлердеги свет өчүрүүлөрдүн себебин иликтөө иштери уланууда. Эске сала кетсек, Коомдук биринчи каналдын Ала-Тоо маалымат программасынан мурдагы аптада, шаардын ар кайсы аймактарында электр жарыгы өчүп жаткандыгы тууралуу репортаж көрсөтүлгөн болчу.

Мындан улам, өкмөт башчы тезинен чара көрүү тапшырмасын берген. Бүгүн буга карата тиешелүү тараптардын баардыгы чогулуп, маселени жеринен барып көрүп, бир жыйынтыка келишти. POST1RIGHT

Мурдагы аптада светибиз тынбай өчүп жатат деп Коомдук биринчи каналга кайрылган Ак-Ордолуктарга, бүгүн электр энергиясы менен байланышкан баардык мекеме-ишканалардын өкүлдөрү өзүлөрү барышты.

Негизи Ак-Ордодо абал, тургундар нааразы боло тургандай эле бар. Көчөлөрдө зым карагайлар дагы убагында толук эмес орнотулганы аз келгенсип, учурда конуш боюнча пландалган 44 трансформатордун 31и гана иштеп жатат.

Батыш электр тармактары дагы күнөөнү мэрияга коет. Анткени конуштарга жер бөлүштүрүлгөн кезде, ар бир көчөгө жетиштүү кылып, зым карагайларды орнотуп, аба чубалгыларын тартып бериш керек болчу. Эми кошумча трансформаторлорду коюу маселеси эмдиги жылдын бюджетине кошулуш керек. Ал эми быйылкы жылдын эсебинен кышка карата даярдыктар толугу менен көрүлүп бүттү.