Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган жолукту
Новость

Анкарада Президент Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровду жылуу кабыл алып, ушул жылдын февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга көрсөткөн жардамы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди. Жиберилген куткаруучулар тобу жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтүшкөн. 

Мындан тышкары, ал көрсөтүлгөн гуманитардык, каржылык жардам жана кыргыз тараптан жөнөтүлгөн мобилдик оорукана үчүн ыраазычылык билдирди.

Түркиянын Президенти Садыр Жапаров тараптан колдоосун сезип жатканын, ал биринчилерден болуп көңүл айтуу үчүн телефон чалып, Бишкектеги Түркиянын элчилигинин имаратында көңүл айтуу китебине өзү жазуу калтырганын белгиледи. Түрк эли үчүн бир тууган кыргыз элинен мындай колдоо күч-кубат берет. Соода-экономикалык кызматташтык маселелерине токтолгон Режеп Тайып Эрдоган эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн өнүгүү динамикасын канааттануу менен белгиледи. Бүгүнкү күндө Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү оң динамикага ээ болуп, 26 пайызга өстү. Келечекте бул көрсөткүчтү 2 млрд АКШ долларына жеткирүү максаты коюлган. Ошону менен бирге Түркиянын Президенти Түрк инвестициялык фондун түзүүнү жана анын Бишкекте аймактык өкүлчүлүгүн ачууну колдой турганын баса белгиледи. Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров Түркияда болгон жер титирөөлөрдүн кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу дагы бир жолу көңүл айтты. Садыр Жапаров Түркия табигый кырсыктын кесепеттеринен тез арада калыбына келип, бул оор сыноодон татыктуу чыгарына ишеним билдирди. Президент Садыр Жапаров кыргыз эли боордош Түркияны колдоого дайым даяр экенин белгиледи.

Ал ошондой эле ушул жылдын 14-майына белгиленген президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүүнү каалады.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын жакынкы аралыкта өткөрүүнү сунуштады. Тараптар эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо, ошондой эле эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, стабилдүүлүгүнө жана гүлдөп-өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатында дүйнөлүк аренада диалогго жана кызматташууга умтула тургандыгын ырасташты.