Кыш башталбай жатып, жарык өчүп жатканына нааразы болгон Бишкектиктер Коомдук биринчи каналга кайрылышты. Жарык ордо калаанын бир -эки аймагында эле эмес, дээрлик баардык районунда маал-маалы менен өчүп жатат. Мындай жагдайга эмне себеп?
Ак-Ордо конушунун тургуну Айдар Кененбаев 2 жаштагы кызын карап, кечке үйдө болот. Бирок, светтин жоктугунан сыналгы көрө албай же, чай кайнатып иче албай, күн жылый калса эле кызын көтөрүп эшике чыгат.
Жарык жаңы конуштарда эле эмес, шаар борборундагы кичи райондордо да өчүп жатат. Жал кичи районунун тургундары төмөнкү Жал аймагында кудайдын куттуу күнүөчүп жатканын айтышууда.
Бул эки аймактан сырткары Бишкектин Көк-Жар конушунда, Чапаев-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жана, Достук кичи райондорунун тургундары да эки күндүн биринде свети жок каларын кабарлашты. Түндүкэлектро кызматы болсо жагдайды суук түшкөндө токтун чыңалуусу менен байланыштырууда.
Тургундардын айтымында жарык өчүрүлгөн сайын тиешелүү тараптардын баардыгына телефон чалып чыгышат. Бирок ушул кезге чейин жарытылуу жооп ала алышкан эмес. Айыл өкмөттөн баштап, акимчилике, түндүк электр ишканасына кат да жазышты. Андан бери өчүрүүнүн себебин түшүндүргөн жан жок.
Айылдагы дагы бир көйгөй- свет өчөөрү менен таза суунун чыкпай калганы. Ошондо МТФ-2 айылындагы 200 гө чукул түтүн, учурда жарыгы да жок, суусу да жок, жазган каттарынын кабарын күтүп жол карап отурушат.
Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118