Чет өлкөлүк 9 жаран Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган
Новость www

Чет өлкөлүк 9 жаран Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Казакстандын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Казакстандын чек арачылары Пакистан Ислам Республикасынын 9 жаранын кармашкан, алар казак-кыргыз чек арасынан мыйзамсыз өтүшкөн.

Учурда тиешелүү органдар тарабынан кармалгандарга карата сотко чейинки иликтөө башталды.