Республикалык Куран жарышы өтөт
Новость

 Ноябрда республикалык Куран жарышы өтөт. Бул тууралуу муфтияттан билдирди. Маалыматка ылайык, аталган сынак Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын демилгеси менен уюштурулуп жатат. 

Сынакка Чүй облусунан катышуучуларды тандап алуу 20-октябрда Чүй районундагы "Шабдан-Ата" мечитинде болот. Алдыга чыккандар 10-12-ноябрда өтө турган республикалык сынакка жолдомо алат.