Быйыл электр жарыгы менен жылуулукка тариф өзгөрбөйт. Бул тууралуу Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын башчысы Айбек Калиев билдирди. Жарык менен жылуулукка тарифтер мурда бекитилген баа саясатынын негизинде болуп, өзгөрбөйт.
Калиев ошол эле учурда быйыл Кыргызстан коңшу өлкөдөн электр энергияны да сатып албастыгын билдирди. Токтогул суу сактагычында кыштан чыгууга жетиштүү деңгээлде суунун көлөмү топтолгон. Ошол эле учурда кыштан чыгууга көмүрдүн кору да жетиштүү экени айтылды.
“Тарифтер өзгөрбөйт, мурдагы тариф саясаты быйыл да болот. Казакстандан 100 миң тонна көмүр алабыз. Азыр ТЭЦтин кампасында 290 тагыраак айтканда 291 миң тонна көмүр бар" - дейт Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын башчысы Айбек Калиев.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118