Кыргыз мигранттардын укугу кеңейди
Новость

Орусиянын мамлекеттик думасы миграциялык мыйзамдардын эреже шартын бузган мигранттарды өлкөдөн чыгарууга каршы мыйзам кабыл алды. Жаңы мыйзам Москва, Москва облусу, Санкт-Петербург жана Ленинград облусундагы мигранттарга багытталган. Ага ылайык, мигранттар Орусиянын аймагында жүрүү эрежелерин бузса, биринчи жолу эскертүү берилет. 

Соттор мигранттардын Орусияда жүрүү убагын, үй-бүлөлүк абалын, мыйзамды сактагандыгын, ишмердүүлүгү жана башка бир катар шарттар боюнча карап туруп, аларды өлкөдөн чыгарбашы мүмкүн. Бирок мыйзам бузуу кайра кайталанса чет элдик жаран депортацияланат. Буга чейин Орусияда жүрүү эрежелерин бузган чет элдиктер 7 миң рублга чейин айып төлөп, айрымдары депортацияланчу.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118