Чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча ырааттуу иштер улантылат
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен районундагы «Достук» чек ара заставасына барды.Мамлекет башчысы имараттын абалы жана аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттары менен таанышты.