Жекшемби күнү Катардагы футбол боюнча Дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды. Лусаил шаарынын "Лусаил" стадионунда өткөн финалдык беттеш футбол сүйүүчүлөрүнө өзгөчө сезимдерди тартуулады. Аргентина жана Франция жалпы 6 гол киргизди (3:3).
“Альбиселесте” тараптан Месси дубль жасаса, Анхель Ди Мария жалгыз голдун автору болду. Ал эми франциялык Киллиан Мбаппе хет-трик жасады. Ошентип оюн пенальтилер сериясына чейин барып, Эмилиано Мартинестин жардамы аркылуу Аргентина курама командасы дүйнө чемпиону аталды.

Беттеш бүтөөрү менен уюштуруучулар мыктыларды аныкташты:
Мыкты жаш оюнчу – Энцо Фернандес
Мыкты дарбазачы – Эмилиано Мартинес
Мыкты бомбардир – Килиан Мбаппе
Мыкты футболчу – Лионель Месси

36 жылдан кийин Аргентина дүйнө кубогун үйүнө алып келди. Ал эми Месси карьерасындагы бүт ири мелдештин жеңүүчүсү болду. Белгилей кетсек, Дүйнө чемпионатынын байге фонду төмөнкүчө бөлүндү:
Аргентина - 42$ млн
Франция - 30$ млн
Хорватия - 27$ млн
Марокко - 25$ млн
Чейрек финалчылар -17$ млн
Плей-оффтун катышуучулары - 13$ млн
Тайпалык баскыч - 9$ млн

Бул турнирде жалпы 172 гол кирди. Эң көп оз дарбазасына топ өткөргөн бул Кейлор Навас болду (11). Эми кийинки дүйнө мундиалы 2026-жылы АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Баса, Лео Месси бул дүйнө мундиалы акыркысы деп айткан. Буга чейин деле Лео улуттук курамадагы карьерасын жыйынтыктап, бирок кайра кайтып келген. Балким, 4 жылдан кийин деле Мессини 6-Дүйнө чемпионатында көрүп калсак керек.