Кылым курулушу делген Түндүк-Түштүк жолу 2018-жылы бүткөрүлөт
Новость KTRK/videograp

2014-жылы курулушу башталган Кыргызстандын түштүгү менен түндүгүн байланыштырган Балыкчы-Жалал-Абад жаңы автожолунун курулушу кызуу жүрүп жатат. Кочкор-Чаек-Көкөмерен - Казарман аркылуу өтө турган 433 чакырымдык жол 2018-жылдын ноябрь айында бүткөрүлөт. Негизги үч фазага бөлүнүп курулуп жаткан альтернативдуу унаа жолунун биринчи фазасынын 45 пайызы бүткөрүлдү. 

Асфальтка керектелүүчү сырьёнун баары алгач лабораториядан тыкыр текшерилет. Заманбап жабдуулар менен жабдылган мындай лабараториядан бул жолдо алтоо бар. Лабараториядагы талапка жооп берген сырье гана жол курулушуна пайдаланылат.
 Кылым курулушу болгон атаандаш жол үч фазага бөлүнгөн. Биринчиси Жалал-Абаддан-Казарманга чейинки 142 чакырымды камтыса, экинчи тилке- Кызыл-Жылдыздан Аралга чейинки 12 чакырым жолдон турат. Үчүнчү фазага: Кызыл-Жылдыздан –Балыкчыга чейинки 184 чакырым жол тилкеси кирет. Биринчи фазага бөлүнгөн 400 миллион америка долларынын 185 миллиону сарпталды. Экинчи фаза ушул жылдын жаз айында башталган.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118