Жылуулук берүү борбору жаңыланууда
Новость KTRK/videograp

Бишкек шаардык жылуулук берүү борборундагы модернизациялоо иштери аягына чыгып калды. Бул тууралуу атлаган борбордун жетекчилиги билдирди. Жылуулук борборундагы оңдоп-түзөө иштери мындан 3 жыл мурда башталган. 

Бишкек жылуулук борбору шаарды жылуулук менен камсыз кылыш үчүн 1 миллион 250 миң тонна көмүр керектейт. Азыр болсо, кампасында 250 миң тонна кара алтын бар. Калган көмүрдү толукташ үчүн алдыда тендер өткөрүү пландалууда.
Жылуулук берүү борбору Казакстандын көмүрүнө ылайыкталып курулгандыктан, буга чейин кошуна өлкөнүн гана көмүрү колдонулуп келген. Эми болсо, борбордун бардык жабдыктары кара алтындын кайсы гана түрү болбосун сугуна бергенге ылайыкташты.
Жылуулук борборун жаңылоодо баары болуп эскилиги жеткен 8 отказан менен 4 генератор түтүктөр жок кылынат. Алардын ордуна 2 жаңы отказан жана кубаттуулугу 150 мегаватт болгон 2 генератор орнотулат. Азыр негизинен жабдыктарды куруу жана монтаждоо иштери аткарылып жатат. Эң башкысы пландалган жумуштар белгиленген графиктен жарым ай алдыда баратат.
Бишкек ТЭЦин реконструкциялоо иштери 2017-жылга чейин уланат. Биринчи блокту 2017-жылдын июнь айында бүтүрүү пландалса, экинчиси август айында толук даяр болот.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118