Баткенде жаңы үйлөрдүн курулушу башталды
Новость

Баткенде калыбына келтирүү иштеринин алкагында жаңы үйлөрдүн курулушу башталды. 

Облус боюнча жалпы 423 үй салынышы керек. Ар бир үйдүн курулушу 3 миллион 300 миң сомго бааланган. Ал эми эң оор жабыркаган чек арадагы Достук жана Капчыгай айылдарынын ордуна жаңы айылдар түптөлөт.