Бишкекке эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө кайтууда
Новость KTRK/videograp

Баткенден Бишкекке эвакуация болуп келгендерге мамлекет көңүл бөлбөй, жарандар көчөдө калды деген маалымат чындыкка дал келбейт. 

Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси социалдык түйүндөрдө резонанс жараткан видео-тасмага түшүндүрмө берип жатып билдирди. 

Айтымында, Спорт ордосуна топтолгон жарандар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрүнүн коштосунда тизме боюнча акысыз уюштурулган транспорттор менен Баткенге жөнөтүлүүдө жана бир дагы адам кароосуз калбайт.