Аталган борбор 1961-жылы негизделген. Ошол кездерде эне менен баланын өлүмү боюнча көрсөткүч өтө жогору болгон дешет адистер. Андан бери борбор жаңыланып, заманбап техника менен камсыздалды.
Ошондой эле иштеген кызматкерлер дарылоонун эл аралык стандарттарын өздөштүрүп жыйынтыгында өлкө боюнча эне баланын өлүмү 3 эсеге кыскарган. Бүгүнкү күндө дагы “Эне баланы коргоо борбору” чет өлкөлүк алдыңкы профессорлор менен тажрыйба алмашуу багытында эл аралык 8 конгрессин өткөрүштү.
"Эне баланы коргоо улуттук борборунун" 55 жылдык юбилейинин алкагында эл аралык илимий конференцияга 10 өлкөдөн 81 илимий кызматкерлер катышты.
Иш-чаранын алкагында жергиликтүү медицина кызматкерлеринин менен чет өлкөлүк адистердин ортосунда тажрыйба алмашуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Ошондой эле эне баланын өмүрүн коргоого багытталган бир катар макулдашууларга кол коюулду.
Бегайым Абдыкадырова